25.05.2018 11:15, Аман Бакиров

 «Ата Мекенчилер» Тарых музейиндеги инсталляциянын ар бири 600 доллар тураарынан шектеништи

 «Ата Мекенчилер» Тарых музейиндеги инсталляциянын ар бири 600 доллар тураарынан шектеништи

Мамлекеттик тарых музейинин ичин жасалгалоо үчүн ар бири 600 доллардан алынган «ак бакандардын» баасы депутаттардын нааразычылыгын жаратты. Эл өкүлдөрү алардын чыныгы баасы 600 доллар экенинен шектенип жатышат.

Бүгүн  «Ата Мекен»  фракциясынын депутаттары көчмө жыйын өткөрүп, Тарых музейиндеги жүрүп жаткан ремонт иштери менен таанышып, ага корогон акчанын максаттуу коротулушун талкуулашты.   

Алгач эле депутаттардын көңүлү музейдеги ак түстөгү инсталляцияга бурулду. Музей жетекчилигинин маалыматына караганда, булардын жалпы саны 58.

«Сыртынан караганда жөнөкөй эле, Кыргызстанда өскөн кадимки талдарга окшойт. Болгону сыртын ак түскө  боеп коюшкан. Булардын эмнеси 600 доллар турат?» -деп нааразы болушту депутаттар. 

Ал эми, музей жетекчиси «интеллектуалдык эмгек болгондуктан, баасы кымбат го», -деген божомолу менен бөлүштү. Айтымында, кайдан алынып келгенин билбейт. 

Ошондой эле, эл өкүлдөрүнө  Германиядан алынып келинген кымбат баалуу эмеректер да жаккан жок. Эл өкүлдөрү мына ушундай эле сапаттагы эмеректерди ата мекендик ишканалар арзаныраак жасап бермек деген ойлорун билдиришти.

Тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүков  куруучу фирмалардын иштери бүткөн соң, Маданият министрлиги ар бирин  өз-өзүнчө өткөрүп алаарын билдирди.

Эгерде жасалбай калган, же сапатсыз жасалган иштер байкалса, ал кайра куруучулардын эсебинен оңдолуп жасалат. 

Эскерте кетсек, Тарых музейин реконструкциялоого казынадан 1, 5 млрд сом кеткен. Анын 700 миллиону ремонт иштерине жумшалса, 864 миллиону экспонаттарды орнотууга жана жабдыктарды оңдоого жумшалмак.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Тарых музейиндеги оңдоо иштеринин баалары ыксыз жогорулатылган деген маалыматы бар экенин айтып, андан улам, бүгүн депутаттар ремонтко корогон акчаны эсептөө үчүн музейге келишкен.